Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Чек арада кырдаал тынч


Кыргызстандын чек ара кызматынан маалымдашкандай, учурда кыргыз-кытай, кыргыз-тажик чек араларында абал тынч. 25-январда кыргыз-кытай чек арасындагы Ак-Шыйрак жана Кара-Сай чек ара аймактарын тик учак менен текшерүү болду. Жалпысынан чек аранын бузулганы аныкталган эмес. Мурдараак кыргыз чек арачылары кыргыз-кытай чек арасына жакын Бикиртик аймагына кирип келген белгисиз топтун кайдан келгенин аныктоо максатында окуя болгон аймактарды кыдырып чыккан. Натыйжада, Кайчы ашуусунда Кытай тараптан келген адамдардын издери жана от жагылган очоктун орду байкалган. Мындан улам Чек ара кызматы 11 кишиден турган топ дал ушул ашуу аркылуу Кыргызстанга келгенин билдирүүдө.

23-январда Ысык-Көл облусунда кыргыз-кытай чек арасында 11 кишиден турган белгисиз топ кыргыз чек арачылары тарабынан жок кылынган. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүп, жергиликтүү аңчы Александр Барыкинди мыкаачылык менен өлтүргөн. Чек ара кызматы булар Кытайдагы сепаратисттик топтун мүчөлөрү болушу ыктымалдыгын айтууда.

24-январь күнү Баткендин Үч-Дөбө айылынын аймагына Тажикстандык күч түзүмдөрү кирип, көзгө атар аскерлер үчүн аңдарды казып даярдашканы аныкталган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик күч түзүмдөрү аймактан чыгарылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG