Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Украин оппозициясы бийликтин сунушун кароодо


Оппозиция лидерлери президент Януковичтин өкмөттөгү эки жогорку орунду ээлөө тууралуу сунушуна карабай, күрөштү уланта берүүгө даяр экенин билдиришти. Киевдеги тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө Виталий Кличко мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жөнүндө чакырыгын кайталады. Ал ошондой эле өз сөзүндө президент Янукович оппозициянын бир топ талаптарын аткарууга, анын ичинде кармалган митингчилерди коё берүү жана элдин тынч пикет-митинг өткөрүүсүнө салынган тыюуну алып салууга макул болгонун айтты.

Дагы бир лидер Арсений Яценюк оппозиция жоопкерчиликти алууга даяр экенин, бийлик маселесин болсо эл чечээрин билдирди.

Бир нече саат мурун Украин президенти Виктор Янукович оппозиция лидери Арсений Яценюкка өкмөт башчылыкты, ал эми Виталий Кличкого вице-премьер-министрликти сунуштаган болчу. Янукович ошондой эле мамлекет башчынын укуктарын азайтуу боюнча Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө да макулдугун бергени кабарланууда.

Бүгүн Киевде башка күндөргө салыштырмалуу тынч деп айтылууда, кечээ митингчилер борбор калаадагы Украин үйүн ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG