Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Бишкекте Михаил Фрунзени эскерген жумалык өтүүдө


Бишкекте мамлекеттик ишмер Михаил Васильевич Фрунзенин 129 жылдыгына арналган жумалык өтүп жатат. 25-январда башталган иш-чара Фрунзенин үй-музейинде 2-февралга чейин уланат. Бул тууралуу аталган үй-музейден билдиришти.

Жумалыктын алкагында Фрунзеге байланыштуу сүрөт жана буюмдардын көргөзмөсү уюштурулат. 31-январь күнү “”Фрунзе –революционер, полководец, мамлекеттик ишмер” деген аталышта илимий конференция болот.

Михаил Фрунзе 1885-жылдын 2-февралында Пишпек шаарында аскердик фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган. 1900-жылдардан тарта революциячыл аракеттерди уюштурууга активдүү катышкан. Тарыхта аны күчтүү аскер адамы болгону айтылат.

1926-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстандын борбор калаасы анын урматына Фрунзе шаары деп аталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG