Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Таиландда оппозиция лидерлеринин бири өлтүрүлдү


Таиланддагы өкмөткө каршы демонстранттардын лидери Бангкоктон алыс эмес жерде эл алдына сүйлөп жаткан кезде атып өлтүрүлдү. Таиланд полициясынын расмий өкүлү оппозиция лидери Сутин Таратин унаанын үстүнө чыгып, өлкөдө жарыяланган эрте шайлоолорго каршы митингде сүйлөп жаткан убакта атылганын тастыктады. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери жекшемби күнкү кагылышууларда 11 адам жараат алганын кабарлашты.

Таиланддагы шайлоо келерки жекшембиге белгиленген. Бүгүн алдын-ала добуш берүү өтүп жаткан, бирок демонстранттар шайлоо участкаларын курчап, 50 бекеттин 48инде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок.

Нааразылык акциянын катышуучулары Йинглак Чинаваттын өкмөтү кызматтан кетип, убактылуу өкмөт шайлоо өткөрүш керек деген турумда. (AiK)

XS
SM
MD
LG