Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Украинада бүгүн оппозиция аза күттү


Украинада миңдеген адамдар Киевдеги Михайлов чиркөөсүнө келип, өткөн жумада полиция менен демонстранттардын кагылышуусу учурунда мерт кеткен беларусиялык активист Михаил Жизневскийди эскеришти. Оппозиция бүгүн курман болгондорго аза күтүү күнүн жарыялаган. Михайил Жизневскийди жерге берүү зыйнатына миңдеген адамдар катышты.

Днепропетровск облусундагы Березнатовка айылында кагылышууларда мерт болгон Сергей Нигояндын сөөгү да жерге берилгени жатат. Оппозиция бул жоготуу үчүн укук коргоо орагандарын күнөөлөсө, ИИМ эки адам милициянын огунан өлбөгөнүн айтууда.

Демонстрациялар Киевде жана башка шаарларда бүгүн да уланды. Президент Виктор Янукович оппозицияга эки жогорку даражадагы кызматты сунуштады, оппозиция лидерлери бул сунушту четке кагышты. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG