Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Бийлик толкундоолорду күчтөп тоскону жатабы?


Атайын полк ушундай суу бүркүгүч унаалар менен да жабдылган. Өкмөт башчы атайын полктун парадын кароодо, Бишкек, 25-январь, 2014.
Атайын полк ушундай суу бүркүгүч унаалар менен да жабдылган. Өкмөт башчы атайын полктун парадын кароодо, Бишкек, 25-январь, 2014.

Ички иштер министрлигинин алдында массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти сактоого багытталган атайын даярдыктагы полк түзүлдү.

Жаңы түзүлгөн полктун курамы менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 25-январда таанышып, алардын парадына күбө болду. Ал атайын даярдыктагы жоокерлердин желим таягын кармап көрүп, “муну мени кишини чапса жыгылабы?” деп ички иштер министри Абдылда Суранчиевден сурап, жабдыктардын функциясына болгон кызыгуусун жашырган жок.

Атайын полк ”Бүркүткө” окшошпу?

Полктун түзүлүш максатын ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Акыркы убактарда өзүңүздөр билгендей өлкөнүн ар кайсы аймагында массалык иш-чаралар көп болуп жатат. Мына ушундай учурда коомдук коопсуздукту ИИМдин ар кайсы бөлүгүндөгү кызматкерлер тартылып, иштеп жаткан ишинен алагды болуп жатышат. Милиция кызматкерлери өз милдетин так аткарып, башка иштерге тартылбашы үчүн атайын полк түзүлдү. Полктун башкы максаты - массалык иш-чаралардагы коомдук коопсуздукту сактоо.

Абдраимов атайын полк Украинадагы “Бүркүткө” окшош болгону менен элге кол салуу үчүн эмес, коомдук коопсуздукту сактоо үчүн кызмат кылат деп кошумчалады.

Бийлик элден коркуп жатабы?

Деген менен оппозициялык маанайдагы "Каршылык көрсөтүү" кыймылынын башчыларынын бири, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев атайын полктун түзүлүшүн бийликтин жазгы толкундоолорго карата даярдыгы катары сыпаттады:

- Оштогу шайлоого байланыштуу элдин көп топтолушу жана акыркы убактардагы окуялар бийликти чочулатып жатат. Чын эле бийлик элден коркуп жатат. Анткени эл Кыргызстандагы саясый-экономикалык кризиске каршы акцияларга чыгышат да. Украинадагы башаламандыктар да кошул-ташыл болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бийлик алдын алып ушундай полк түздү. Менимче, бул туура эмес. Мындай полктун эч кандай зарылдыгы жок. Тескерисинче коопсуздук кызматкерлеринин санын азайтыш керек.

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев Украинада болуп жаткан башаламандыктар Кыргызстанга атайын даярдыктагы полкко муктаждыгын тастыктап жатканын айтып, муну саясый оюнга айландыруунун зарылдыгы жок деген пикирде:

- 2005-2010-жылдардагы талап-тоноочулук, Ош окуяларындагы башаламандыктар бийлик үчүн атайын күч керек экендигин жана мындай окуялар болбошу үчүн алдын алуу керектигин түшүндүрдү. Мамлекет элдин коопсуздугу үчүн керек болгон кадамдарды жасаш керек. Полк туура түзүлдү. Муну оюн катары көргөн туура эмес.

Парламенттеги "Ата-Журт" фракциясынын мурдагы депутаты, учурда чет өлкөлөрдүн биринде жүргөн саясатчы Садыр Жапаров эки төңкөрүштү башынан өткөргөн милициялар элге каршы күч колдонбой тургандыгына ишенет:

- Эл бийликке каршы митингдерге чыга турган болсо бийлик ушул полкту элге каршы коём десе өтө чоң жаңылышат. Анткени полктун курамындагы адамдар деле маңкурт эмес да, алардын баары элдин арасынан эле чыккандар. Кантип эле өз элине каршы күч колдонсун? Буга чейинки төңкөрүштөр деле көрсөтпөдүбү. Негизи бийлик элди күч менен эмес, акыл менен башкарышы керек.

Күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлерден куралган атайын полктун 600 жоокерден турат жана алардын саны миңге чейин жеткирилет. Атайын даярдыктагы кызматкерлер Кытайдан, Орусиядан келген атайын каражаттар менен жабдылган.

XS
SM
MD
LG