Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Сирия боюнча конференцияда гуманитардык маселелер талкууланды


Женевада жекшемби күнү Сирия оппозициясынын жана президент Башар Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү экинчи жолу жолугушту. Сүйлөшүүдө гуманитардык маселелер каралганы кабарланууда.

2011-жылы мартта башталган кандуу кагылыштардан бери өкмөт жана оппозиция биринчи жолу беттешүүдө. Сүйлөшүүлөр БУУнун жана араб өлкөлөрүнүн Лигасынын атайын өкүлү Лахдар Брахиминин катышуусунда өтүп жатат.

Сириядагы оппозициялык улуттук коалициянын өкулдөрү жолугушуу учурунда өкмөт тарапка камакта отурган он миңдеген адамдардын тизмеси берилгенин кабарлашты. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар. Оппозиция алардын тез арада камактан чыгышын талап кылууда. Ошондой эле жыйында азык-түлүк жүктөлгөн унаалардын Хомс шаарына кириши талкууланды.

Эл аралык ортомчу Лахдар Брахими диалогду «жакшы башталыш» деп баалады. Анын билдиришинче, сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн гуманитардык маселелер түздү. Брахими сүйлөшүүлөр уланаарына ишенет. Дүйшөмбү күнү сүйлөшүүдө саясий маселелер талкууланат.

Сирия оппозициясы президенттин кетишин, убактылуу өкмөттүн куралышын талап кылууда. Өкмөт Башар Асад президенттиктен кетишине макул эмес. (AiK)

XS
SM
MD
LG