Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Украина: беларус активисттин сөөгү жерге берилди


Украинадагы кагылышууда мерт кеткен беларус активисти Михаил Жизневскийдин сөөгү жекшембиде жерге берилди. Коштошуу зыйнатына миңдеген адамдар катышты. Алар маркумду Киевдеги Михайлов чиркөөсүндө эскеришти. Жизневский өткөн аптада полиция менен демонстранттардын кагылышуусу учурунда мерт кеткен.

Ал арада нааразылык акциялары Киевде жана Украинанын башка шаарларында уланууда.

Президент Виктор Янукович ишемби күнү оппозицияга эки жогорку даражадагы кызматты сунуштаган. Бирок оппозиция лидерлери бул сунушка макул болгон эмес.

Украинада өкмөткө нааразылык былтыр ноябрда президент Янукович Евробиримдик менен кызматташтыкты караган келишимдерге кол койбой койгондон кийин башталган. Ошондон бери шаардын борбордук аянтын ээлеп тургандар президенттин кызматтан кетишин талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG