Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

"Ош шамы" гезитине жаңы баш редактор келди


«Ош шамы» гезитинин башкы редакторлугуна Керимбек Калыкулов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду.

32 жаштагы Керимбек Калыкулов буга чейин ОшМУнун «Нур» гезитинин башкы редактору, «Үмүт» телестудиясынын директору, өкмөттүн «Эркин Тоо» гезитинин башкы редакторунун Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча орун басары болуп эмгектенген. Акыркы учурда ал Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматын башкарып жаткан болчу.

Жаңы редакторду жамаатка Ош мэриясынын аппарат жетекчиси Алмазбек Осмонов тааныштырды. (JAk/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG