Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:45

Ошто жарыктын өчүшүнө газ себеп болууда


Ош шаарында электр энергиясын өчүрүү көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен шаардын Кулатов кичи районунун тургундарынын жолугушуусунда айтылды.

«Ошэлектро» ишканасынын маалымат катчысы Талгат Алихановдун “Азаттыкка” айтымында, шаарда электрдин эскертүүсүз өчүрүлүп жатышына газдын басымы азайып кеткени себеп болууда.

- Газдын аздыгынан электр энергиясына болгон керектөө өсүп кетти. Ага эскилиги жеткен электр зымдыры туруштук бере албай күйүп, керектен чыгып жатат, – дейт Алиханов.

Ош шаарына берилүүчү газдын басымы акыркы апталарда азайып кетти. Буга Өзбекстан тараптан келчү 3000 куб метр газдын ордуна 2000 куб метр гана газ келип жатканы себеп болууда. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG