Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жолду куруу токтогон жок


Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жолдун курулушу токтогон жок. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, азыр кезек жардыруу иштерине келди. Бул бир айдай убакытты талап кылат. "Ошондуктан техника жөн эле турбасын деп Ак-Сай - Рават жолун курууга алып кеттик", - деди Мамытов.

Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу уланып жатканын бүгүн "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жениш Разаков да билдирди.

Буга чейин Ак-Сай айылынын айрым тургундары жолдун курулушу токтоп, жол салып жаткан техниканы 26-январда башка жакка алып кетишкенин “Азаттыкка” айтышкан болчу.

11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусу менен коштолгон окуядан кийин өкмөт Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолу сөзсүз салынаарын убада кылган. Эгер бул жол салынып калса, 2 миңден ашуун калкы бар Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын конуштарын аралап өтпөстөн, көз каранды эмес жолго ээ болушмакчы. (EBM/ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG