Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Абактагы үч миңдей адам үчүн мунапыс жарыяланды


Кыргызстанда абактагылар үчүн кезектеги мунапыс жарыяланды. Бул тууралуу мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Бул жолку мунапыс Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата жарыяланды. Мыйзам долбоордун авторлорунун бири, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун "Азаттыкка" айтымында, алдын ала маалымат боюнча, үч миңден ашуун киши боштондукка чыгат.

Адам укуктарынын декларациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Акыркы жолу Кыргызстанда кылмыш жасагандар үчүн мунапыс 2012-жылы өлкөнүн эгемендигинин 20 жылдыгына карата жарыяланган болчу. Учурда Кыргызстандын абактарында жана тергөө изоляторлорунда 10 миңден ашуун киши бар.

Бүгүн кол коюлган мыйзам алты ай ичинде ишке ашырылып бүтүүсү талап. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG