Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Ооганстанда 40 чакты айыпкер бошотулат


Ооган бийликтери чет элдик жана ооган аскерлерине кандуу кол салууларга байланыштуу түрмөдө отурган 37 айыпкерди бошотууну чечкендигин бышыктады. Кабулдун сыртындагы Парван камак жайындагы айыпкерлердин ишин караган комитеттин мүчөсү Абдул Шукур Дадрас бүгүн 37 айыпкер күнөөсү далилденбегендиктен бошотулаарын билдирди. АКШнын Ооганстандагы аскер жетекчилиги бул кадамды «колу канга малынган коркунучтуу согушкерлерди» бошотуу деп сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG