Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Каримовдун оппоненти бошотулду


Өзбекстанда президент Каримовду ачык сындаганы менен таанымал аксакал активист сегиз жарым жыл түрмөдө отургандан кийин эркиндик алды. 78 жаштагы Исак Абдуллаев 2005-жылы салыктан качкан, киши уурдаган деген сыяктуу бир нече айып менен 11 жылга кесилген эле.

Абдуллаев ишембиде жалпы улуттук мунапыс боюнча бошотулду. Мунун алдында укук коргоочу Сурат Икрамов экс-депутат Мурод Жураев менен учурашууга мүмкүндүк алгандыгын билдирген. Икрамовдун айтымында, 61 жаштагы Жураев азыр тиштери түшүп, көңүлү чөккөн жана өз жашынан кыйла кары көрүнөт. Жураевдин аялы Холбека Жураева күйөөсүнүн саламаттыгы начарлап кеткенин мурдатан айтып келген.
XS
SM
MD
LG