Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Нарын: Кабаттуу үйлөрдүн көбү оңдоого муктаж


Нарын шаарындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн көбүнүн чатыры оңдоого муктаж. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов шаардагы чатыры курулуп бүтүп калган 40 батирлүү көп кабаттуу үйдүн жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, шаарда 10го жакын көп кабаттуу үйдүн чатыры жарактан чыккан же такыр эле жок.

- Баарын жакын арада оңдоп-курууга каражат жок. Бирок демөөрчүлөрдү издеп жатабыз, – деди Кайыпов.

Бүгүнкү чатыры бүтүп калган 40 батирлүү турак үйгө жалпысынан 500 миң сомдон ашык каражат кетип, бул чыгымды Кайыпов өзү көтөргөн. Ал эми жылуулук системасы дагы киргизилип, ага мамлекеттин 800 миң сому кетти.

Былтыр Нарын шаарындагы эки көп кабаттуу үйдүн чатыры облустун өнүктүрүү корунан бөлүнгөн эки миллион сомго бүткөрүлгөн. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG