Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Президент өлкөдөгү коопсуздукту талкуулады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн башчылары менен өлкөдөгү коопсуздукту талкуулады. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул боюнча чараларды күчөтүү багытында президент конкреттүү тапшырмаларды берди.

Негизинен сөз чек ара аймактарындагы коопсуздук жана Куралдуу Күчтөрдүн реформасы тууралуу болду.

Жыл башынан бери Кыргызстандын чек арасында эки ири окуя катталды. 11-январда Баткенде тажик чек арачылары менен атышуу болуп, алты киши жараат алган. 24-январда кыргыз-кытай чек арасында, алдын ала маалымат боюнча, Кытай тараптан келген топ жок кылынган. (RK)

XS
SM
MD
LG