Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Сарсенбаевдин өлүмү үчүн айыпкер Алиевди күнөөлөдү


Казакстанда оппозиция лидери Алтынбек Сарсенбаевди өлтүргөн деген айып менен кесилген киши аны эки шериги менен кошо 2006-жылы өлтүрүүгө Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев буйрук берген деп ырастады.

«Күнөөсүз кишинин кесилип кеткенине уялып, эми чындыкты айтайын деп чечтим», - деди кайра ачылган сот ишинде Рустам Ибрагимов. Үч кишини өлтүрүүгө буйрук бергем деп күнөөнү өзүнө алган парламенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эржан Отембаев 20 жылга эркинен ажыратылган эле.

Рустам Ибрагимов өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Декабрда казак бийликтери бул кылмышка Алиевдин тишеси бар экендигин далилдеген жаңы фактылар табылгандыктан, Отембаев кайра соттолоорун жарыялаган. Алиев 2007-жылдан бери Европада жашайт.

XS
SM
MD
LG