Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Жарандык активист Илья Лукаш милицияга чакырылды


Бажы биримдигине кирүүгө каршы жана Украинадагы демонстранттарды колдоп, Бишкекте бир канча жолу акцияларды уюштурган жарандык активист Илья Лукаш милицияга чакырылды.

27-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аны эки жолу сүйлөшүүгө чакырышканын “Азаттыкка” өзү маалымдады.
Милициядагылар андан Бажы биримдигине каршы акцияларды өткөрүүнүн максаттары тууралуу сурап, андан соң коё беришкен. Лукаш милициянын бул кадамын түшүнбөй жатканын билдирди.

Шаардык ички иштер башкармалыгы жарандык активистти бир күндө эки ирет жолугушууга чакыруунун себептерин түшүндүрө элек.

Илья Лукаш Бажы биримдигине кирүүгө каршы акцияны акыркы жолу 22-январда өткөргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG