Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:31

Сирия: оппозиция менен өкмөттүн сүйлөшүүсүнөн майнап чыга элек


Сирия оппозициясы менен өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү натыйжалуу боло элек, бирок тараптар макулдашуу аракеттерин уланта берерин билдиришти. Жолугушуулар Женевада 25-январдан бери жүрүп жатат.

Өкмөт өкүлдөрү президент Башар Асад отставкага кетпей турганын айтууда. Оппозициядагылар мамлекет башчы кызматын тапшырып, убактылуу бийликке жол бошотушу зарылдыгын жана жаңы шайлоого даярдыктар башталышы керектигин белгилеп жатышат.

Тараптар бир пикирге келе албаганы менен, Женевада дагы бир нече күн болуп, тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта берерин билдиришти.
Жекшембидеги жолугушууда алар курчоодогу Хомс шаарына гуманитардык жардам жеткирүү жана ал жердеги аялдар менен балдарды коопсуз аймакка көчүрүү тууралуу сүйлөшүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG