Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Украина: Янукович акцияларды тыйган мыйзамды артка кайтарууга макул


Дүйшөмбү күнү кечинде Киевде мамлекет башчы Виктор Янукович менен оппозиция лидерлери жолугуп, нааразылык акцияларга тыюу салган талаштуу мыйзамды жокко чыгаруу тууралуу макулдашты.

Украин президентинин расмий сайты оппозиция лидерлеринин бири Арсений Яценюк Янукович тарабынан сунушталган премьер-министрлик кызматтан расмий баш тартканын жазды.

Ошондой эле жолугушууда мамлекет башчы камакка алынган демонстранттарга мунапыс берилерин да айткан. Бирок ал үчүн нааразылык акциясынын катышуучулары өкмөттүк имараттарды ээлеп алууну токтотууну жана борбордук аянтка тигилген чатырчаларды алуу зарылдыгын эскертти.

Президент менен сүйлөшүүгө оппозиция лидерлери Арсений Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG