Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Эки транзиттик авиарейс ачылат


Учурдагы жана пландалып жаткан транзиттик рейстердин учуу картасы.
Учурдагы жана пландалып жаткан транзиттик рейстердин учуу картасы.
Кыргызстандын негизги аба дарбазасын континенттер аралык авиатүйүнгө айлантуу максатында, жазында эки транзиттик рейс ачылары пландалууда. Бул тууралуу "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын Өнүгүү жана технологиялар департаментинин жетекчиси Кайрат Итибаев "Азаттыкка" кабарлады. Жаңы транзиттик каттамдарды "Эйр Кыргызстан" жана Түрк аба жолдору биргелешип аткарат.

Дүйшөмбү – Бишкек – Стамбул жана Үрүмчү – Бишкек – Стамбул транзиттик аба авиарейстери пландалууда. Стамбулдан Бишкекке чейин Түрк аба жолдору каттайт, ал эми Бишкектен ары Тажикстандын борборуна жана Шиңжаңдын байтактысына "Эйр Кыргызстан" учат. Аталган аба каттамдар эки авиакомпаниянын атынан аткарылат.

- Бул каттамдарды ачууга көмөк катары “Манас” эл аралык аба майданы өзүнүн тейлөө төлөмдөрүнөн 50% жана күйүүчү майга 7% жеңилдик берди, – деди Итибаев.

Былтыр жылдын аягында "Эйр Молдова" Бишкек – Кишинёв – Франкфурт, "С7 Эйрлайнс" Дели – Бишкек – Новосибирск жана Урал аба жолдору Дели – Бишкек – Екатеринбург транзиттик авиарейстерин ачууну карап жатышканы маалымдалган. Учурда бир гана Улан-Батор – Бишкек – Стамбул транзиттик аба каттамы аткарылат. (BAz)

XS
SM
MD
LG