Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

Сатыбалдиев: Кыргыз-тажик чек арасына жол куруу токтобойт


Кыргыз-тажик чек арасына Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолун куруу токтобойт. Бул тууралуу бүгүн Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушууда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Өкмөт башчы Баткенде бүгүн бир күндүк иш сапарда жүрөт. Ал Баткен районунун Ак-Сай айылындагы суу бөлүштүрүүчү станциянын ишин көрүп, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушун текшерүүдө. Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев жергиликтүү тургундар менен жолуккандан кийин облустагы социалдык-экономикалык абалды талкуулаган жалпы жыйынга катышат.

Буга чейин Ак-Сай айылынын айрым тургундары жолдун курулушу токтоп, жол салып жаткан техниканы 26-январда башка жакка алып кетишкенин “Азаттыкка” айтышкан болчу.

11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусу менен коштолгон окуядан кийин өкмөт Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолу сөзсүз салынаарын убада кылган. Эгер бул жол салынып калса, 2 миңден ашуун калкы бар Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын конуштарын аралап өтпөстөн, көз каранды эмес жолго ээ болушмакчы. (JsA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG