Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Кытайда тирүү тоокторду сатканга тыюу салынды


Кытайдын чыгышында H7N9 деп аталган куш тумоосунун коркунучунан улам тирүү үй канаттууларын сатууга тыюу салынды.

Өкмөттүк Синхуа агенттигинин кабарлашынча, Кытайдын чыгыш жана түштүк бөлүктөрүндө куш тумоосунан кеминде 20 адам каза тапты. Куш тумоосу табылганга байланыштуу Гонконгдо 20 миң тоок жегенге жараксыз деп табылды. Гонконгго тооктор Кытайдан ташылат. 1-февралда Кытайда Жаңы жылдык майрамдар башталат. Бул майрамда гонконгдуктар салтка ылайык тирүү тоок сатып алышат. Былтыр февралда да Кытайда куш тумоосу катталган.

XS
SM
MD
LG