Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Орусияга кирүү тартиби өзгөрөт


Келерки жылдан тарта КМШ мамлекеттеринин жарандары Орусияга азыркыдай ички паспорт менен кире албай калат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, орус мыйзамдарына ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тарта Орусияга жалпы жарандык, башкача айтканда, чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн бере турган паспорт менен гана кирсе болот. Ошондуктан элчилик Орусияда окуп, иштеп жүргөн мекендештерге кайрылып, жалпы жарандык паспорт алуу керектигин эскертти. Кулукееванын билдиришинче, орус тарап азырынча виза режимин киргизүүнү көздөбөй турганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG