Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Ош: Мугалимдин сүйлөшүү маданияты боюнча окуу өттү


Оштун мектептеринде иштеген социалдык педагогдор сүйлөшүү маданияты боюнча окуудан өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди. Окуу мектептерде
конфликттердин алдын алуу максатында "Интербилим" өкмөттүк эмес уюму менен биргеликте уюштурулган. Кимсанов сүйлөшүү маданиятын жогорулатуу мугалим менен окуучу ортосундагы түрдүү пикир келишпестиктерди алдын алууга өбөлгө болоорун айтты. Окууга Оштогу мектептердин 30дан ашык социалдык педагогу катышты. (YI/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG