Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Жогорку Рада антимитингдер мыйзамын жокко чыгарды


Украин парламенти бүгүнкү кезексиз сессияда эки айдан берки антиөкмөттүк тополоңду басуу үчүн митингдерге каршы мыйзамдарды жокко чыгарууга макулдук берди. Ал үчүн Жогорку Раданын 412 депутатынын 361и добуш берди. 16-январда Жогорку Раданын талаштуу мыйзамдарды кабыл алуусу антиөкмөтчү нааразылар менен полициянын эрегишин күчөткөн.

Кечээ президент Виктор Янукович оппозициянын үч лидери менен кездешкенде митингдерге каршы мыйзамдарды жокко чыгарууга макулдук берген эле.

Бүгүн эле Микола Азаров премьер-министрликтен кетти. Ал мындай кадамга “чатакты тынч жөндөө үчүн саясий мунасага жетишүүгө кошумча мүмкүндүк түзүү максатында барганы” менен түшүндүрдү. 27-январдагы кездешүүдө оппозиция лидерлеринин бири Виктор Яценюк премьер-министр болуу жөнүндөгү президент Януковичтин сунушун расмий түрдө четке каккан.

XS
SM
MD
LG