Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Ала-Букада милиция өспүрүмдөр боюнча ишин күчөттү


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы иш күчөтүлдү. Облустук милициядан кабарлашкандай, жалпысынан 300дөй өспүрүм катышкан түрдүү жолугушуулар өткөрүлдү.

Быйыл 12-январда Сары-Талаа жана Ала-Бука айылдарынын балдары эки топ болуп жаңжалдашканда эки өспүрүм жабыр тарткан. Окуя боюнча кылмыш иш козголуп, учурда тергөө жүрүүдө. Өткөн жылы райондо өспүрүмдөр катышкан 6 кылмыш катталган. Аларга тиешеси бар деп шектелген 12 өсүпүрүмдүн тогузу мектеп окуучусу болгон. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG