Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Бокс: Азия чемпионатында үч мушкер жарым финалда


Учурда Тайланд өлкөсүнүн борбору Бангкокто бокс боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Азия биринчилигинде өлкө намысын 8 мушкер коргоп жатат. Мында кыргызстандык 3 жигит жарым финалга чыкты. Алар: 56 кило салмакта Мунарбек Сейитбек уулу, 81кило салмакта Канат Матеков жана 91 кило салмактагы Мурат Амиржанов чейрек финалда жеңишке жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн бокс боюнча тандалма команданын башкы устаты Адылхан Бекболотов кабарлады.

Мында 56 кило салмакта Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда таиланддык Пангсакон Ситтидетти 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Канат Матеков жана Мурат Амиржанов жарым финалда өзбекстандык мушкерлер менен күч сынашат. Учурда бул 3 жигит коло медалдын ээлери болуп турат. Эгерде жарым финалда жеңишке жетишсе, анда Азия чемпиондугу үчүн таймашка чыгышат.
49 кило салмакта Тилек Босумбаев, 52 кило салмакта Абдырахман Абдурахманов жана Нурсултан Муратов (69 кг) жана Темирлан Чоюнбек уулу (75 кг) чейрек финалга чейин жетип, жеңилүү ызасын тартып калды. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG