Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Кличко: Азаровдун отставкасы жеңишке кадам


Украин парламенти митингдерге каршы мыйзамдарды жокко чыгарды. Ал үчүн 28-январдагы кезексиз сессияда Жогорку Раданын 412 депутатынын 361и добуш берди. 16-январда Жогорку Раданын талаштуу мыйзамдарды кабыл алуусу өкмөткө каршылар менен полициянын кагылышын күчөткөн.

Бүгүн эле премьер-министр Микола Азаров кызматтан кетти. Ал мындай кадамга “чатакты тынч жөндөөгө кошумча мүмкүндүк түзүү максатында барганын" билдирди. Оппозиция лидери Виталий Кличко Азаровдун отставкасын “жеңишке кадам” деп мүнөздөдү. Оппозициянын башка анабашы Олег Тянибок Азаров жоопкерчиликтен качуу үчүн кызматтан кетти деди:

- Биз мындай кадамды алар жактан күтүп жатканбыз. Анткени биз өкмөттүн отставкасы жөнүндө суроону жана кээ бир министрлердин, атап айтканда, ички иштер министри Виталий Захарченконун Украинада болуп жаткан окуяларга жооптуу экенин тынбай айтып жатканбыз. Бийлик аларды саясий жана кылмыш жоокерчилигинен куткаруу, өз жүзүн сактап калуу үчүн эң ыңгайлуу учурду издеп жаткан.

27-январдагы кездешүүдө оппозиция лидерлеринин бири Виктор Яценюк премьер-министр болуу жөнүндөгү президент Януковичтин сунушун расмий түрдө четке каккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG