Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Карзайдын өкүлү АКШны сындады


Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын өкүлү Кошмо Штаттарды өлкөдөгү тынчтык жараянын колдобойт деп сындады.

Аймал Файзи 27-январда түндө сүйлөп, Вашингтон Ооганстанда тынчтык жараянын колдон чыгарганын расмий түрдө жарыя кылуусун талап кылды:

Биз Америка Ооганстанда тынчтык жараянын баштай албаганын расмий түрдө жарыя кылганын каалайбыз. Алар анын себебин ачык айтуусу абзел. Алар тынчтык жараяны Пакистан кызматташпай койгондон улам башталбады же талибандар ага даяр эмес деп айтсын. Алар Пакистандын өкмөтү же согушчандар кызматташкысы келбегенин айтууга тийиш.

Аймал Файзинин айтымында, АКШ өкмөтү Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн Пакистанга жана талибдерге кысымды күчөтүшү керек.

Бүгүн The Washington Post гезитине чыккан макалада президент Карзай талибдер уюштурду деген айрым чабуулдардын артында Кошмо Штаттар турганына ишенет деп айтылат. Макалада Карзайдын АКШ менен эки жактуу коопсуздук келишимине кол койбой жатканын бир себеби ушундай шектенүүдө жатат деп жоромолдонот.

Аймал Файзи болсо Ооганстандагы коопсуздукту бузууга жана коомдук пикирди бурмалоого “бир нече өлкөнүн колу” аралашкан деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG