Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

"Кара тизмеден" чыгуу аракети башталды


2006-жылга чейин кыргыз авиакомпаниялары Европага түз каттап турган.
2006-жылга чейин кыргыз авиакомпаниялары Европага түз каттап турган.
Кыргыз авиакомпаниялары Европанын аба мейкиндигине учууга тыюу салган "кара тизмеден" чыгуу аракеттерин баштады. Алгачкылардан болуп "Эйр Кыргызстан" авиаишканасы Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм – ИКАОнун эрежелерине жана иштөө принциптерине ылайык, авиакомпаниянын түзүмүн (структурасын) оптимизациялоо жөрөлгөсүн баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" реформанын автору жана "Эйр Кыргызстандын" Өнүгүү жана технологиялар департаментинин жетекчиси Кайрат Итибаев кабарлады.

Оптимизациялоонун алкагында, "Эйр Кыргызстандын" үч вице-президентинин ордуна бир орун басар дайындалды. Андан сырткары, бөлүмдөр ирилештирилди. Корпоративдик кече-майрамдар, ашыкча чыгымдар жана 13-айлык кыскартылды. Итибаевдин билдиришинче, реформадан көптөгөн каражат сарпталып, жоопкерчилик деңгээли жана чечим кабыл алуу жигердүүлүгү жогорулайт.

Август айында ИКАОнун инспекторлору жана Европанын Аэрокосмос агенттигинин көзөмөлдөөчүлөрү Кыргызстанга келип, жергиликтүү авиакомпанияларды "кара тизмеден" чыгаруунун алкагында аудит өткөрөт. Кыргыз авиаишканалары 2006-жылдан бери "кара тизмеде". (BAz)

XS
SM
MD
LG