Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Аксыда дайынсыз жоголгон беш адам изделүүдө


Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык аймагында дайынсыз жоголгон төрт адам изделип жатат. Алар 27-январь күнү Жайык айылынын беш тургуну ат менен мал издегени чыгып, кайра кайтып келген эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Алар кар көчкүнүн астында калган болушу мүмкүн. Жоголгондор кишилердин туугандарынын айтымында, алардын издери Тас-Бел жайлоосундагы кар көчкү түшкөн жерде токтогон.

Жоголгондор:
1. Айталиев Таалай Тургунбекович, 1975-жылы туулган;
2. Шатманов Мирлан Мамадалиевич, 1977-жылы туулган;
3. Кокоев Эрнис Жанышбекович, 1978-жылы туулган;
4. Шерматов Мирлан Эрматович, 1981-жылы туулган;
5. Апсалбек уулу Мунарбек, 1993-жылы туулган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөөнү улантууда. (SE)

XS
SM
MD
LG