Кыргыз-тажик чек арасына тартылган кошумча аскердик күч алынып, кайра мурдагы жерине жөнөтүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.
11-январда Баткенде унаа жолдун курулушуна байланыштуу чек арада атышуу болгон. Кыргызстан ал жерди өзүнүкү десе, Тажикстан талаштуу деп эсептейт. Эки тараптан он чакты күч кызматкери жараат алган. Ошол замат эки жактан чек арага кошумча күч жана техника тартылган болчу. (RK)