Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Быйыл Исхак Раззаков тууралуу тасма тартыла баштайт


Быйыл Кыргызстанда көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, маркум Исхак Раззаков тууралуу тасма тартыла баштайт. Бул тууралуу кечээ Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жыйынында вице-премьер-министр Камила Талиева билдирди. Раззаковдун өмүрү, басып өткөн жолу тууралуу баяндаган тасма мамлекеттин заказы боюнча тартылат. Учурда анын сценарийи жазылып, актерлор тандалып алынууда.

Раззаков тууралуу тасма ушуну менен мамлекеттин заказы боюнча тартылып жаткан экинчи фильм болмокчу. Биринчиси - "Курманжан Датка" тарыхый тасмасы. Ал азырынча бүтө элек.

Исхак Раззаков 1945-жылы Кыргыз ССР министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетитинин биринчи катчысы болгон. 1961-жылы улутчул деген айып тагылып, кызматтан алынган. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарын Москвада өткөрүп, 1979-жылы каза болгон. Кийин сөөгү Кыргызстанга алынып келинген. (RK)

XS
SM
MD
LG