Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Швейцария Кыргызстанда кош тилдүүлүктү өнүктүрүүгө көмөктөшөт


Швейцария Кыргызстанда кош тилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча билим берүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу бүгүн Швейцария элчилигинен кабарлашты. Бул максатта быйыл Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аз улуттар боюнча Жогорку комиссарынын долбоорун ишке ашырууга жардам берилет.

Быйыл Швейцария ЕККУда төрагалык кылууда. Бул уюм аймактык коопсуздукту камсыз кылуучу эң ири программа болуп эсептелет. Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ. Өлкөдө 80ге жакын улуттун өкүлү жашайт.(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG