Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Кравчук: Украинада «ички согуш» коркунучу бар


Украинада депутаттар атайын сессияда өкмөткө каршы акцияларда кармалгандарга мунапыс берүү маселесин талкуулап жатканда, өлкөнүн мурдагы президенти Леонид Кравчук өлкө согуштун алдында тургандыгын эскертип, депутаттарды өтө жоопкерчилик менен иштөөгө чакырды.

Украинанын СССР кулагандан кийинки алгачкы президенти болгон Кравчук сүйлөгөн сессияда кийин танапис жарыяланып, президент Викто Януковичтин бийлик партиясы оппозиция менен мунапыска келүү аракети уланды.

Сессиянын ачылышында өкмөт башчысынын кызматын аткарып жаткан Серги Арбузов да сүйлөп, бардык тараптар бири-биринин турумдарын сыйлаганда гана мунапыс жетишилиши мүмкүн экендигин белгиледи. Кечээ президент Виктор Янукович өкмөттүн отставкасын кабыл алган, ал эми парламент жарым ай мурда жактырылган демонстрацияларга каршы мыйзамдарды күчүнөн кетирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG