Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Орусия Украинага жардам боюнча келишимди убактылуу токтотот


Президент Владимир Путин Киевге 15 миллиард доллар экономикалык чукул жардам берүү тууралуу келишимди аткаруудан мурда, Украинада жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтө турууга буйруду. Ошол эле убакта Путин Орусия Украинага карыз берем, газды арзандатам деген убадасынан тайбайт деп ырастады. Карыз убадасы боюнча, Орусия Украинанын карыз кризисин жеңилдетүү максатында бул өлкөнүн евроакцияларына үч миллиард доллар сарптаган.

Микола Азаров жетектеген өкмөт кечээ отставкага кетти. Бүгүн өлкөнүн мурдагы президенти Леонид Кравчук Украинада «ички согуш» коркунучу бар экендигин эскертти. Депутаттар атайын сессияда өкмөткө каршы акцияларда кармалгандарга мунапыс берүү маселесин талкуулап жатканда, Украинанын СССР кулагандан кийинки алгачкы президенти Кравчук депутаттарды өтө жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырды.

XS
SM
MD
LG