Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 11:02

Иракта Анбардан эл качып жатат


Ирактын борбордук аймагындагы Рамади жана Фалужа шаарларында бүгүн Ирактын коопсуздук күчтөрү менен ал-каидачыл согушкерлер ортосунда оор салгылаш жүрдү. "Азаттыктын" ирактык кабарчылары Анбар дубанынын борбору Рамадиде согуш аракеттери шаардын түштүгүндө жүрүп жаткандыгын кабарлашууда.

Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики Багдадда буларды билдирди:

– Фалужага кирип, бул маселелерди чечүүгө көп убакыт жок, ошондуктан Фалужада эл согушкерлерге каршы көтөрүлөт деп үмүттөнөм.

Анбар дубанында бийликтер бир ай мурда башталган согуш аракеттеринен улам 650 миңдей киши үйлөрүн таштап качкандыгын бышыктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG