Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Оштон Yрүмчүгө кошумча эки рейс ачылат


Ош – Үрүмчү каттамынын учуу багыты.
Ош – Үрүмчү каттамынын учуу багыты.
Фергана өрөөнүнүн аба түйүнү эсептелген Ош эл аралык аба майданынан март айынан тарта коңшу Кытайдагы Шиңжаңдын Yрүмчү шаарына аптасына кошумча эки рейс ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын Өнүгүү жана технология департаментинин жетекчиси Кайрат Итибаев кабарлады. Каттамды заманбап Боинг–737-500 учагы тейлейт.

Үч өлкө тогошкон өрөөнүнүн эң ири базары болгон Кара-Суу базарынын ишкерлери Кытайдан товар ташыйт. Жергиликтүү жана коңшу Өзбекстан менен Тажикстандын соодагерлери да Ош аркылуу Yрүмчүдөн товар ташыйт. Коммерсанттардын айтымында, ашыкча жүккө кыргызстандык авиакомпаниялар Кытайдын түштүк авиаишканасына салыштырмалуу алда канча аз төлөм талап кылат.

Учурда Ош – Yрүмчү багытын жумасына эки жолу Кытай түштүк авиаишканасы тейлейт. Бир тарапка жол кире баасы – 9132 сом. Ноябрь айына чейин Оштон Шиңжаңга "Эйр Кыргызстан" аптасына бир ирет каттап турган. Yрүмчү каттамдары эл аралык рейстердин ичинен эң кирешелүүсү болуп эсептелет.

Yрүмчүдөн тышкары, азыркы тапта Оштон Орусиянын 11 шаарына, Алматы, Дубай жана Стамбулга жалпысынан аптасына 69 эл аралык каттам аткарылат.

Ошондой эле жазында Кыргызстандан Белгород, Томск жана Тюмень шаарларына жаңы каттамдарды ачуу каралууда. (BAz)

XS
SM
MD
LG