Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Сноуден Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү


Норвегиянын социалист саясатчылары Баард Вегард Солхйелл жана Снорре Вален АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдуард Сноудендин талапкерлигин Нобелдин Тынчтык сыйлыгына көрсөтүштү.

Норвег саясатчыларынын айтымында, Сноуден жашыруун маалыматтарды шардана кылганы дүйнөдөгү тынчтыкты орнотууга өбөлгө түзгөн.

Ал арада америкалык коопсуздук расмийлери Сноуденге жашыруун документтерди АКШга кайтаруусун буйруду. Улуттук коопсуздук боюнча жетекчи Жеймс Клаппер Сенатка шаршемби күнү Сноуден АКШнын тыңчылык усулдарын дүйнөгө ачыктаганы өлкөгө олуттуу таасирин тийгизгенин айткан.

XS
SM
MD
LG