Ирактын коопсуздук жетекчилиги Анбар провинциясында сунни исламчыл козголоңчулардын башчысы жок кылынганын кабарлады. "Ал-Каидага" катышы бар деп эсептелген Абу Аэша ал-Сауди өлкөнүн Албу Фарраж аймагында өлтүрүлгөнү маалымдалды. Ал-Сауд менен кошо Рамади шаарында үч сауд арапстандык козголоңчу жок кылынган. Ирактын коргонуу күчтөрү Фаллужада козголоңчуларды толугу менен курчоого алганын кошумчалады.