Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Кыргыз-тажик вице-премьерлеринин качан жолугаары анык эмес


Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Токон Мамытов менен Муродали Алимардондун жолугушуусу качан болору анык эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, Бишкекте өтөт деп айтылып жаткан жолугушуу боюнча өкмөт акыркы чечимге келе элек.

Буга чейин айрым маалымат булактары 30-январь күнү Бишкекте эки мамлекеттин вице-премьер-министрлери жолугуп, чек арадагы кырдаал талкууланарын жазган болчу.

Кыргызстан Тажикстан менен байланыштырган чек ара бекеттерин 11-январда Баткенде болгон чатактан улам жаап койгон. Андан бери бир нече ирет өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүргөн.

Тажик тарап Кыргызстан куруп жаткан Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык жолуна каршы экендиктерин айтып келүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG