Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Бишкекте кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтөт


Чек ара маселесин талкуулоо үчүн Бишкекке Тажикстандан расмий делегация келатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Ал ошондой эле 11-январдагы чек ара окуясын бирге иликтей турган эки тараптуу комиссиянын курамы такталганын кошумчалады.

Соңку кезде чек ара маселесине байланыштуу кыргыз-тажик мамилелери өзгөрүп, кыргыз тарап Тажикстандагы элчисин чакыртып алган. 11-январда Баткенде Кыргызстан куруп жаткан унаа жол боюнча чатак чыгып, атышуу болгон. Тажик тарап ал жерди талаштуу деп эсептейт. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG