Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Ошто жол кырсыгына кабылган үч адам набыт кетти


Өткөн түнү Ош шаарында жол кырсыгына кабылган үч адам ооруканага жетпей үзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Фуркат кичи районунда, болжол менен айлампанын жанында, мамлекеттик номуру О 82 92 G Honda үлгүсүндөгү жеңил машина катуу ылдамдыкта баратып, жол четинде токтоп турган ЗИЛди артынан сүзгөн. Hondaнын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү оор жараат алган. Үчөө тең ооруканага жетпей каза тапты. Алардын ким экенин аныктоо жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG