Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

Ошто паспорту жоктор көп болууда


Ошто паспорту жоктор көп болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ош шаарындагы "Мыйзам жана тартип" коомдук фондунун жетекчиси Изатулла Рахматуллаев билдирди. Жыл башынан бери бул уюмга жардам сурап 15 паспорту жок жаран кайрылган. Рахматуллаевдин айтымында, паспорту жок жарандардын окуясы бири-бирине окшош:

- Мисалы, бир жарандын үч баласы тең үйдө төрөлгөндүктөн документ убагында алынбай калган. Улуусу 18ге чыкты. Мектепте 5-класска чейин эле окуган. Анан унаа оӊдоочу жайда шакирт болуп жүргөн. Эми Орусияга барам деп, паспорттун жоктугунан кете албай отурат.

Кыргызстанда жарандарга паспортту Мамлекеттик каттоо кызматы берет. Эгер тиешелүү документтер толук болсо, паспорт алуу эч проблема эмес.

Мамкаттоо кызматынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалыматында, былтыр такыр паспорту жок 244 киши кайрылган. Алардын сегизи башка өлкөнүн жараны экени аныкталгандыктан, документ берилген эмес. Ал эми быйыл жыл башынан бери 17 киши кайрылды. (YI/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG