Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Ысык-Көлдө мал чарбасын өнүктүрүүгө каражат бөлүнөт


Ысык-Көл облусунда мал чарбасын өнүктүрүү үчүн донорлордон каражат бөлүнөт. Долбоор Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддун атайын программасынын алкагында ишке ашырылат. Бул программа аркылуу Кыргызстанга 25 миллион доллар бөлүнүп, Ысык-Көл менен Нарындын 120 айылы жана Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун 5 айылы камтылат.

Бүгүн Каракол шаарында презентация уюштурулуп, программанын максаттары тууралуу маалымат берилди. Каражат негизинен жайыттарды туура башкаруу, инфраструктурасын өнүктүрүү, мал ылаңдарынын алдын алууга жумшалаары айтылды. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG