Нарында үч жашар баланы зордуктаган деп шектелген киши камалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык милициянын башчысы Мадланбек Турпанбаев билдирди. Анын айтымында, Нарындын тургуну, баланын энеси "31-декабарда мен үйдө жок кезде өгөй атасы баламды зордуктаган” деп милицияга 8-январда арызданган.
Арыз боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү катары баланын энесинин расмий никеси жок жашаган күйөөсү камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. (TSh/RK)
Арыз боюнча кылмыш иш козголуп, шектүү катары баланын энесинин расмий никеси жок жашаган күйөөсү камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. (TSh/RK)