Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Чүйдө эркектер үчүн кризистик борбор ачылды


Чүйдө эркектер үчүн кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу бүгүн Социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. Мамлекет каржылаган бул долбоор 8 айга эсептелген. Жалпысынан 800 миң сомдой акча бөлүндү.

Борборго түрдүү митинг-пикеттерде жабыркаган, үй-бүлөлүк, юридикалык проблемаларга туш болгон, иш таба албай, маңзат менен ичкиликке берилип кеткен эркектер кайрыла алат. Алар менен социолог, психолог жана юрист иштеп, маселесин чечүүнүн жолдорун көрсөтүп берет. Министрликтин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Бейшееванын айтымында:

- Реабилитациялык борбор десе керебетке жаткырып, ийне салуу эмес. Атайын бөлмөлөрдө адистер кабыл алып, маселени чечүүнүн жолдорун айтып, керектүү жактарга жөнөтөт.

Бул долбоор мамлекеттик заказ боюнча ишке ашырылып жаткан эркектер үчүн биринчи кризистик борбор. Буга чейин донорлордун колдоосу менен Ысык-Көл облусунда экөө ачылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG