Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Өзбекстан: фото сүрөтчү уулу менен жоголду


Белгилүү өзбек фото сүрөтчүсү Умида Ахмедова жана анын уулу шаршемби күнү жоголгонго чейин Ташкент полициясына чакырылган эле. Умида Ахмедова жана уулу Тимур Карпов жоголгонун күйөөсү Олег Карпов бейшемби күнү кабарлады. Тимур Карпов Орусиянын Лента.ру агенттиги үчүн иштейт.

Ташкент полициясы аларды шаршемби күнү полицияда болгонун, бирок сурактан кийин бошотулганын тастыктады. Полиция аларды эмне үчүн кармаганын түшүндүргөн эмес. Карпов анын аялы жана уулу дагы деле полицияда деп ойлойт.

Умида Ахмедова жана анын уулу жакында Ташкенттеги украин элчилигинин алдында өткөн акцияга катышкан. (AiK)

XS
SM
MD
LG