Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Орусия: «Дождь» телеканалы текшерилүүдө


Санкт-Петербург шаарынын прокуратурасы Орусиядагы көз карандысыз “Дождь” телеканалын текшерүүнү баштады. Аталган телеканал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинграддагы блокада тууралуу "шаарды нацисттерге берип, тургундарды куткарса болот беле" деген маанидеги сурамжылоо жүргүзгөн.

Кечээ президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Дождь” телеканалы бардык мүмкүн болгон чектен өткөнүн билдирген. 29-январда ошондой эле бир катар кабелдик тармактар телеканалды көрсөтүүнү токтотушкан. Бүгүн бирок бир нече канал "Дождь" телеканалын кайра көрсөтө баштады.

“Акадо” компаниялардын тобу “Дождь” телеканалын 30-январдан тарта көрсөтпөшүн билдирген, себебин түшүндүргөн эмес.

Орусиянын Журналисттер союзу каналдын кабелдик тармактарда көрсөтүлбөй калышы мүмүкүн эмес деп билдирүү жасады. Журналисттердин Москва Хартиясынын мүчөлөрү кырдаал тууралуу терең тынчыздануусун билдиришти. (AiK).

XS
SM
MD
LG